Латвиядагы, Литвадагы жана Эстониядагы Орусиянын элчилери дүйшөмбүдө бул өлкөлөрдүн тышкы иштер мекемесине чакырылды. Бул тууралуу ТАСС агенттигине дипломаттардын арасындагы булак билдирди.
Латвиядагы Москванын элчиси Евгений Лукьянов Ригада Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Эстониядагы орустардын элчиси Александр Петров да бул өлкөнүн тышкы иштер мекемесине чакыруу алган. Эстониянын бийлиги азырынча бул маалыматты ырастай элек.
Литвадагы Орусиянын элчиси Александр Удальцов дүйшөмбүдө Тышкы иштер министрлигине барары белгилүү болду. Ошондой эле чакырууну Польшадагы элчи Сергей Андреев дагы алган.
Өткөн аптада Брюсселдеги саммитте лидерлер Евробиримдиктин Москвадагы элчиси, немис дипломаты Маркус Эдерерди кеңешүү үчүн чакыртууну чечишти. Англияда мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышы боюнча Евробиримдик Британияга тилектештик билдирип, Орусияга каршы чара көрүүнү макулдашты.