Францияда адамдарды барымтага алган кишини полиция атып өлтүрдү
Франциянын ички иштер министри Жерар Колломб полиция супермаркетте бир нече кишини барымтага алган куралчан адамды атып өлтүргөнүн бышыктады. Окуя 23-мартта өлкө түштүгүндөгү Треб шаарчасында болду. Ал адамдын огунан эки киши набыт кетти, үч киши жараат алды деп кабарланууда. Премьер-министр Эдуард Филипп окуяны “теракт” деп сыпаттады. Кол салуунун себептери белгисиз жана ал адамдын аты-жөнү да аталган жок. (AFP)