Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Нарында 7 жыл дайынсыз болгон бала Жалал-Абаддан табылды


Нарын шаары. 2017-жыл.
Нарын шаары. 2017-жыл.

Нарында жоголуп кетип, жети жылдан бери дайынсыз кала берип жаткан Азим аттуу бала Жалал-Абад облусунан табылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Талант Кадыров билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылынын тургуну Актилек Өсөркулов Таш-Көмүр шаарынан өзүн Эрмек деп тааныштырган үй-жайсыз, белгисиз баланы жолуктуруп, бир жылдан бери алып жүргөнүн райондук милиция бөлүмүнө билдирген.

Эрмектен өзүнөн жакындары тууралуу сураганда, өткөндү эстей албаганын, эстутуму начар экендигин айткан. Кийинчерээк Эрмек өзүнүн аты Азим экенин айткандан кийин гана Интернеттен жакындарын издеп, жети жыл мурда Нарын шаарынан дайынсыз жоголгон баланын изи табылган.

Милиция кызматкерлеринин жардамы менен 19-мартта Азим Нарынга келип, ата-энесине жолукту. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин маалыматына караганда, Азим өткөн күндөрүн эстей албай жатат.

2011-жылдын февраль айында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө "1995-жылы туулган Азим Асанкул уулу кечинде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат" деп ата-энеси кайрылган. Ошол убакта милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаганы менен ушул убакка чейин ал эч кандай жыйынтык берген эмес.

Окуя тууралуу баланын ата-энесинен маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок. (MiK)

XS
SM
MD
LG