Бишкек-Ош трассасында кайрадан жол кыймылына айрым чектөөлөр киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, туруксуз аба ырайына жана кар көчүү коркунучуна байланыштуу 20-22-мартта Чүйдүн Жайыл районундагы “Сосновка”, Жалал-Абаддын Токтогул районундагы “Арал” жана Талас облусунун Талас районундагы “Өтмөк” постторунда саат кечки 9дан таңкы 6га чейин жол жабык болот.
Адистер түнкүсүн бул трассага жолго чыкпаш керек экенин эскертип жатышат.