Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Эшимов: шайлоодо мыйзам бузуу болгон жок


Орусиянын Бишкектеги элчилигиндеги шайлоо. 18-март, 2018-жыл.
Орусиянын Бишкектеги элчилигиндеги шайлоо. 18-март, 2018-жыл.

Орусиянын президентин шайлоо боюнча Кыргызстандагы орус жарандары үчүн өтүп жаткан добуш берүүдө мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу добуш берүүгө көз салып жаткан Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Акылбек Эшимов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Кыргызстанда орусиялык шайлоочулардын саны көп деле эмес. Мыйзам бузуулар болгон жок. Азыр шайлоо бүтө элек. Биз көз салууну улантып жатабыз.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, саат 16:00гө карата 9 миңге жакын киши добуш берди.

Кыргызстанда алты жерде - Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында добушканалар эртең менен саат 8де ачылды. Шайлоочулардын активдүүлүгү Бишкекте жана Ошто байкалды.

Шайлоого Кыргызстандан 56 байкоочу катышууда. Алардын он үчү Кыргызстандагы добушканаларда иштеп жатканы кабарланды. Орусиянын жарандыгы бар 20 миң киши Кыргызстанда консулдук каттоодо​ турат. (NT)

XS
SM
MD
LG