Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

АКШ Иранды "Ирактын шайлоосуна кийлигишти" деп айыптады


АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.
АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Иранды "коңшусу Ирактын парламенттик шайлоосуна кийлигишип жатат" деп айыптады. Ал бул сөзүн 15-мартта Жакынкы Чыгыш жана Ооганстандагы сапарынан Вашингтонго кайтып келгенден кийин журналисттерге айтты.

Иракта май айында өтө турган шайлоодо премьер-министр Хайдар ал-Абади кайрадан шайланып келүүнү көздөп турат.

"Иран Орусиянын жолун жолдоп, Ирактын шайлоосуна аралашып жатат. Иран акчаны колдонуп, Ирактын шайлоосуна таасир этүүгө аракет кылып жатканын көрсөткөн далилдер бар. Ал акча талапкерлердин жана добуштун багытын буруш үчүн колдонулуп жатат", - деди Мэттис.

Иран Кошмо Штаттардын мындай дооматына жооп кайтара элек. Тегеран Ирактын шииттер жетектеген өкмөтү жана жалпы эле бул өлкөдөгү шиит коомчулугу менен жакшы мамиледе. АКШнын Коргоо министри Иран учурдагы премьер-министрге каршы аракет көрүп жатканын так айткан жок.

Орусия болсо "Батыш өлкөлөрүнүн шайлоолоруна кийлигишти" деген дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG