Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Үч милиционер кылмышты жаап-жашырган деп шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура “маңзат кылмышына байланыштуу кармалган үч адамды коё берип, алардан алган далил затты жашырып койгон” деген шек менен Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын эки өкүлүнө карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта окуя быйыл 20-январда Чүйдүн Сокулук районунда болгону, гашиш маңзатын автоунаага алмаштырып жаткан үч адам ошол жерден кармалып, милицияга алынып келгени айтылат. Кылмышка шектүүлөр Криминалдык милиция кызматында 11 саат суракта болгон, бирок кийин кайра коё берилип, алар кармалганы тууралуу маалымат эч жерге катталган эмес. Ал эми алынган маңзат жашырылып коюлганы айтылууда.

Үч милиционерге карата Кылмыш кодексинин “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызмат укугунан аша чабуу”, “пара алуу”, “кылмышты жаап-жашыруу” жана “маңзатты мыйзамсыз сатуу” деген беренелеринин негизинде иш козголду.

8-февралда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганы Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрүп, күч жана укук тартибин коргоо органдарындагы коррупция маселесин көтөргөн жана катуу сын айткан.

Бүгүн, 15-мартта эле Башкы прокуратура “Ош” бажысында, Мамлекеттик каттоо кызматында аныкталган жемкорлук фактылары боюнча кылмыш иштери козголгонун маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG