Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:58

Москва Лондон менен кызматташуунун шартын билдирди


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйынында. 13-март, 2018-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйынында. 13-март, 2018-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Англияда мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышы боюнча ишке Москва расмий кайрылуу алгандан кийин он күндүн ичинде жооп берерин билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Си кызматы кабарлады.

12-мартта британ өкмөт башчы мурдагы орус тыңчысы кызы экөө Британияда ууландырылганда колдонулган уулуу зат боюнча 24 сааттын ичинде түшүндүрмө берүүнү Москвадан талап кылган.

АКШ, Евробиримдик жаан НАТО британ премьеринин "Скрипал кызы экөө Орусияда жасалган зат менен ууландырылышы ыктымал" деп айтканына макул болушкан. "Ал уу советтик доордо алынган “Новичок” деп таанылган заттардын тобуна кирет”, - деп билдирген Тереза Мэй.

Ушу тапта ооруканада жаткан 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33төгү кызы Юлиянын абалы дагы эле оор. Алар 4-мартта Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG