Ош шаарынын тургуну 13-мартта милицияга кайрылып, 15 жаштагы кызын сабакка бара жаткан жеринен белгисиз бирөө автоунаага күч менен салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген. Көп өтпөй, буга шектүү катары 27 жаштагы тургун кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына камалды.
Кармалган адам ал кыз менен телефон аркылуу таанышып, үйлөнүү үчүн ала качканын айтууда.
Кылмыш кодексинин "адам уурдоо" беренеси менен иш козголду.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейин турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей кыз өспүрүм курагында күйөөгө тиет дегенди билдирет. (MdN)