Бишкекте 1464 килограммдык бешбармак жасалды
Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 килограмм, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 13, 2024
Баткен: Жасалма мөңгү тоңдурган элеттиктер
-
Ноябрь 04, 2024
"Нарында бак-дарактарды кыйбай, көбөйтүү керек"
-
Ноябрь 03, 2024
Эски бекет ээн турат, жаңы бекетте шарт жок
-
Ноябрь 01, 2024
"Психикалык оорулууларга адамгерчиликсиз мамиле жасалган"
-
Октябрь 27, 2024
"Жасалма уруктандыруу менен аарыны көбөйтөбүз"