Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөнүн бир канча аймагындагы булактарына таянып кабарлады.
Өлкөнүн билим берүү жана маданият тармагындагы кызматкерлердин маалыматы боюнча, Ашхабаддын музей, маданият борборлорундагы жана китепканаларындагы кызматкерлер азайтыла тургандыгы жазылган. Азырынча бул маалымат расмий ырастала элек. Бирок жумуштан кетириле турган кызматкерлердин саны миңден ашык экени, алардын арасында орто мектептердин жүздөгөн мугалимдери бар экени айтылууда.
Басылманын Лебап облусундагы булагы кабарлагандай, аймактагы медицина мекемелери жумушчулардын санын азайтуу боюнча жогору жактан билдирүү алышкан.
Былтыр күзүндө өлкөнүн билим берүү, медицина жана маданият мекемелери борбордук бийликтен пенсия курагындагы кызматкерлерди жумуштан кетирүү жөнүндө буйрук алгандыгы кабарланган.
Ноябрда өлкөнүн суу чарба жана мунайгаз тармагындагы кызматкерлери кыйла азайтылган. Жергиликтүү серепчилердин пикиринде, бюджетте иштегендердин санын азайтуу өлкөдөгү каатчылыкка байланыштуу.