Борбор Азиянын ишкер айымдарынын башын кошкон жармаңкеге Кытай жана Индонезиядан келген ишкер аялдар да катышып жатат. Алар өз колу менен жасаган тамак-аш, кийим-кече жана башка буюмдарын алып келишкен.
Иш-чарага жүздөн ашуун ишкана катышууда. Алардын көбү Кыргызстан менен Өзбекстандын ишканаларына таандык.
"Таатан" соода-борборунда ачылган көргөзмө-жармаңке 7-марттан 10-мартка чейин созулат.(ZKo)