Анкара шаарындагы Кошмо Штаттардын элчилиги коопсуздук чараларынан улам дүйшөмбүдө ачылган жок. Элчиликтин кызматкерлери өтө чукул жардамга муктаждарга гана көмөк көрсөтөт. Дипломатиялык өкүчүлүктүн билдирүүсүндө коркунуч канчалык чоң экени айтылбайт.
АКШ элчилиги Түркияда жүргөн америкалык жарандарга эл көп топтошкон жерлерге жана туристтик жайларга барбай туруу оң болоорун эскертти.
18-январда Кабул шаарындагы АКШ элчилиги ооган баш калаасындагы мейманканага жоочулар кол салышы мүмкүн экенин эскерткен. Эки күндөн кийин жоочулар Кабулдагы «Интерконтинентал» мейманканасына чабуул коюп, 22 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын 14ү чет элдик жарандар болсо, анын ичинде төрт америкалык каза тапкан.