Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Ош базарындагы өрттөн жабыркаган 74 ишкердин гана патенти болгону аныкталды


Ош базарындагы өрт. 30-январь, 2018-жыл.
Ош базарындагы өрт. 30-январь, 2018-жыл.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун катышуусунда Ош базарында чыккан өрттөн келтирилген чыгымды баалоо боюнча комиссия 5-мартта жыйынга чогулду. Материалдык зыянды калыбына келтирүү боюнча 150 жабырлануучудан арыз түшкөн. Анын 135и «Сейтек», он беши «Берекет Плюс» комплексинде иштегендер.

Бирок Мамлекеттик салык кызматы 74 ишкердин гана патенти болгонун аныктаган. Алардын 32синин банкта насыялары бар. Комиссия жабырлануучулар ишкердик субьектилерин каттоо жөнүндө күбөлүктү жана келтирилген зыянды тастыктаган документтерди тапшырбаса, арыз берүүчүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөй турганын эскертти.

Натыйжада жардам алчулардын тизмеси 74 субъект деп бекитилди. Тиешелүү мекемелерге булардын патентин алты айга узартууну өкмөт аппаратына сунуш кылуу, өрт чалган имараттарды калыбына келтирүү, жабыркаган ишкерлердин насыяларын реструктуризациялоо тапшырылды. Комиссия ишкерлерди мүлктү өрт жана башка коркунучтардан өз учурунда камсыздоого чакырды.

Быйыл 30-январда Ош базарындагы "Сейтек" жана "Берекет Плюс" соода комплекстеринде өрт чыгып, 3500 чарчы метр аянт күйгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG