Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Медреседе балдарды сабоого шектелген молдо жоопко тартылган эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы медреседе балдарды сабоого шектелген мугалим иштен алынганын билдирди. Бирок мыйзамдуу жоопко тартылган эмес.

Муфтияттын өкүлү Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна кабарлагандай, балдардын сабалганы тууралуу интернетке чыккан тасма бир жыл мурда тартылган. Окуя Көк-Дөбө медресесинде, жайкы диний лагер учурунда болгон.

-Күбөлөр муфтиятка ошол эле учурда маалымдашкан. Андан соң шектүү мугалимди иштен алганбыз. Анын аты-жөнүн айта албайбыз. Өлкөдөгү бардык медреселерге эскертүү берип, мындай окуялар кайталанбашы керектиги айтылган,- деди Атабаев.

Медреседе окуган 9-10 жаштагы балдарды мугалими сабаганы тууралуу тасма 3-мартта интернетке чыккан. Анда жеткинчектер денесиндеги көгаланы чоң кишилерге көрсөтүп, устаты аларды эреже бузганы үчүн чыбык менен сабаганын, үйдөгүлөргө кабарлайын десе телефондору жок экенин айтышат. (SE)

XS
SM
MD
LG