Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди


Кореядагы кыргыздар.
Кореядагы кыргыздар.

Миграция кызматынын Корея багыты боюнча иштеген өкүлү Нагима Ашымбекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанга Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди.

Бул былтыркыдан 30-40 келишимге көп. Ушу тапта Кореяга жумушка кетчүлөрдөн алардын тилди канчалык билээрин аныктаган тест алына баштады.

Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан он жылча мурун башталган. Анын негизинде жыл сайын Түштүк Кореяга Кыргызстандан 350 адам кетет.

Расмий маалымат боюнча Кореяда 3,5 миңден ашуун кыргызстандык жаран бар жана алардын миңге жакыны мыйзамсыз жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG