Кыргызгидромет 3-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү түшөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метр менен чектелиши зарыл.
28-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 6…11;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 5...10;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн - 8…-13, күндүз -4…+1;
27-февралда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3, күндүзгү жогорку температурасы 8…10 градус болот.