Саламаттык сактоо министрлиги Ошто каза болгон индиялык студенттин өлүмүн иликтейт.
Мекемеден алынган маалыматка караганда, 22-февралда Ош мамлекеттик университетинин Индиядан келген 30 жаштагы студенти каза болгон. Ал окуу жайдын медициналык факультетинде билим алчу.
Студент ооруканага бир күн мурда "перитонит" деген диагноз менен келип түшкөн. Операция жасалган соң индиялык жарандын панкреонекроз дартынан жабыркай тургандыгы белгилүү болгон.
Операциядан кийин реанимацияга жаткырылган студент эсине келбей каза болгон. Өлүмдүн так себебин аныкташ үчүн Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча иликтөө жүргүзгөнү жатат.
Кыргызстанда бир нече миң индиялык студент окуйт. Алардын көпчүлүгү медициналык багытта билим алышат. (BkA)