Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Түштүк Корея: Түндүк Корея АКШ менен сүйлөшүүгө дилгир


Кышкы Олимпиаданын жабылыш аземинде Түндүк Корея делегациясынын башчысы, генерал Ким Йонг Чол АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамптын артында турат. Пхёнчхаң, 25-февраль, 2018-жыл.
Кышкы Олимпиаданын жабылыш аземинде Түндүк Корея делегациясынын башчысы, генерал Ким Йонг Чол АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамптын артында турат. Пхёнчхаң, 25-февраль, 2018-жыл.

Мындай билдирүүнү Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Индин кеңсеси жасады. Пхёнчхаңдагы Кышкы Олимпиаданын 25-февралдагы жабылуу аземи алдында Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореянын генералы Ким Йонг Чол баштаган делегация менен жолуккан.

Түштүк Кореянын Yonhap агенттиги кабарлагандай, генерал Ким мына ушул жыйында Пхеньянда “Түндүк Корея - АКШ диалогун өткөрүү ниети жетиштүү” экенин белгилеген.

Эки корей өлкөсүнүн бул расмий жолугушуусу алдында Түндүк Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги АКШнын жаңы санкцияларын айыптаган билдирүү тараткан. Анда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын жаңы санкцияларын “кеңири масштабда” жана “согуш актысы” деп атаган. Вашингтондун жаңы санкциялары Түндүк Кореяга байланышы бар жүк ташуучу компаниялардын, кемелердин, фирмалардын 50дөн ашуунун бутага алды.

Президент Дональд Трамп өзү жана анын администрация өкүлдөрү АКШ бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын максаты -Пхеньянга “максималдуу кысым” жасап, анын өзөктүк, ракеталык программасынан баш тартууга мажбурлоо экенин билдирип келет.

Түндүк Корея АКШ менен сүйлөшүүнү шартсыз баштоого даярдыгын айтканы менен Вашингтон бул өлкө оболу өзөктүк куралдан баш тартуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасашы керек деп эсептейт.

Пхеньян 2017-жылы жалпысынан 16 жолу атуу учурунда 23 ракетасын сынады. Алардын кеминде экөө континент аралык баллистикалык ракета болду. (UE)

XS
SM
MD
LG