Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

26-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызгидромет 26-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

26-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 11…16;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 11...16;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Нарында түнкүсүн - 8…-13, күндүз -3…+2;

​26-февралда Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1, күндүзгү жогорку температурасы 14…16 градус болот.

XS
SM
MD
LG