Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Батырбеков: Партия депутаттын казак жарандыгы боюнча билген эмес


Алмазбек Батырбеков
Алмазбек Батырбеков

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Алмазбек Батырбеков Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун партияга кантип мүчө болгону тууралуу “Азаттык” радиосуна комментарий берди.

Алмазбек Батырбеков Асылбек уулу өзүнүн каалоосу жана сунуштардын негизинде партияга кошулганын айтууда.

- Партия шайлоого үч-төрт ай калганда түптөлгөн. Асылбек уулу ошондо саясатка аралашам деген өзүнүн каалоосу жана тааныштардын сунушу менен кошулган. Дамирбектин жарандыгы боюнча айтылган эмес. Мен мындан кийин ойлонуп калдым. Четте мелдешип жүргөн атактуу спортчулардын да жарандыгын текшериш керек экен.

Батырбеков Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча спорт чөйрөсүндөгү адистерден сураштырып жатканын билдирди. Ал 90-жылдары көпчүлүк спортчулар башка өлкөлөрдүн атынан мелдешке катышканын, Асылбек уулуна дагы документти мамлекет өзү жасап бериши мүмкүн экенин айтты.

Фракция жетекчиси “Кыргызстан” партиясы бул окуя боюнча расмий органдардын териштирүүсүнүн жыйынтыгын күтөрүн кошумчалады.

Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны - Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган.

XS
SM
MD
LG