Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда тургундун үйүнөн 450 кг кычкылдык (күкүрт кычкылдыгы) табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмү кабарлады.
Аталган зат Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш башкармалыгынын аймактык кызматкерлеринин атайын операциясы учурунда алынган. Тинтүү соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн.
Баштапкы иликтөөдө белгилүү болгондой, кычкылдык (кислота) баңгизат жасаш үчүн иштетилмек.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мыйзамсыз өндүрүү же берүү") беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө уланууда. (ErN)