Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Журналист Нарын Айыптын энеси сотторго кайрылды


Журналист Нарын Айып.
Журналист Нарын Айып.

20-февралда Govori.tv порталына чыккан видео кайрылууда 90 жашка таяп калган Райла Идинова «үйүбүздү тартып алып, ушул жашта мени мүңкүрөтпөгүлө, соттор, акыйкаттуу болгула» - деди.

- Бул үйдө баламдын кылайган дагы эмгеги жок. Абышкам экөөбүз кезекке туруп алганбыз. Үйдү алганда абдан кубандык эле. 1928-жылы туулгам, 90 жашка чыктым. Абышкам экөөбүз тең мамлекетке кызмат кылдык. Эми карып, төрүмдөн көрүм жакын калганда абышкамдын үйүн тартып алганы жатышабы? Менден үйдү алып коюшса көчөдө каламбы? Бул туура эмес. Уктай албай, кайгырып зээним кейип жатат, - дейт Райла апа.

Бишкек шаардык соту журналист жашаган батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатуу боюнча маселени өткөн аптада карай баштаган.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Нарын Айыптын Бишкек шаарында жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен батир камакка алынган.

Нарын Айып менен кошо соттолуп жаткан «Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан.

Былтыр башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Ушундай эле айыптоо менен “ Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

XS
SM
MD
LG