Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Мирзиёев атайын кызматтын ишин 1937-жылга салыштырды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын ишин 1937-жылдардагы репрессияга салыштырды. 16-февралда Бухарадагы кезектеги жолугушууда ал атайын кызматтын облустук башкармалыгындагы иштегендердин жосунсуз жоруктарын, күнөөсүз ишкерлерди камаган учурларын санаган.

Президент коопсуздук кызматына чексиз мүмкүнчүлүктөр берилип калганын баса белгилеп, муну мамлекетке карата саткындык деп баалады жана сталиндик репрессия менен салыштырды:

- Бир да мамлекетте мындай погончон бетпактарга мынчалык ыйгарым укук берилген эмес. 1937-жылы да мындай болгон эмес. Ошон үчүн мен баарын орду-ордуна коём. Көбү мыйзам алдында жооп бере башташты, - деди Мирзиёев.

Президент атайын кызмат өзгөчө Сурхандарыя менен Бухара облустарында элге көбүрөөк жабыр көрсөткөнүн айтты.

Буга чейин Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 23 жылдан бери жетектеп келген, өлкөдөгү бирден-бир таасирдүү адам болуп эсептелген Рустам Иноятов кызматынан алынган. Анын биринчи орун басары Шухрат Гулямов өмүр бою абакка кесилгени кабарланган.

1937-38-жылдары Советтер Союзунда жүз миңдеген адамдар сталиндик катаал репрессиянын курмандыгы болгон.

XS
SM
MD
LG