Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:33

Журналист Элнура Алканова коомчулукка кайрылды


Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

Журналист Элнура Алканова коомчулукка кайрылып, ага карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун чогуу көзөмөлгө алууга чакырды.

Бул тууралуу Алканова Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз иштерди ашкерелөө аракетинен улам кылмыш иши козголуп, куугунтук жүрүп жатат.

“Мен өзүм укугумду жалгыз коргой албайм. Журналисттер мыйзамсыз иштерди коомго алып чыгып, анын жыйынтыгында пайда алып келиш үчүн иштейт. Эгер коомго журналисттик иликтөөнүн кереги жок болсо, анда журналистиканын мааниси да жок болот”, - деди Алканова.

13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат Элнура Алканованы "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу" жана "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу" боюнча күнөөлүү деп таап, айыбын угузган.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Бул экс- президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү экени, кийин улутташтырылганы айтылган. Бул боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер болгонун жазып чыккан эле.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналист жазган маалыматты "чындыкка төп келбейт" деп, жокко чыгарууга чакырган.

Мындан соң ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат иликтеп, алгач Алканованы күбө катары суракка чакырган. Кийин аны айыпкер деп тапканы белгилүү болду.

Бул иш боюнча бир нече эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылып, журналистке карата куугунтукту токтотууга чакырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG