Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

ЮНИСЕФ: Күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернетке кирет


Минар Мамедзаде
Минар Мамедзаде

Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр Интернеттен алуучу маалымат коопсуз жана сапаттуу болушуна жолтоо болуучу коркунучтар бар. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) кабарлоодо.

Уюм жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернет мейкиндигине кошуларын көрсөткөн.

"M-report" уюму жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60% Интернетте өздөрүн коопсуз сезишет, бирок коркунучтар бар.

“ЮНИСЕФ онлайн режиминде отурган балдардын коопсуздугу бардык тараптар үчүн артыкчылыктуу маселе боло турган мамлекеттик санарип саясатын иштеп чыгыш үчүн өкмөт, жарандык коом жана жеке сектор менен мындан ары да тыгыз кызматташуу зарыл болгонун белгилейт”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо.

Ал эми ЮНИСЕФтин Бишкектеги кеңсесинин башчысынын орун басары Минар Мамедзаде "Азаттыкка" берген маегинде:

- Былтыр биз Ички иштер министрлиги менен 10 кеңештен турган атайын колдонмо чыгардык. Андагы эң негизги кеңеш: ата-энелер балдары аларга ишеним артышы үчүн наристе курагынан тарбия бериши зарыл. Балдарга тыюу салуу менен эч нерсеге жетишпейбиз. Бул натыйжалуу ыкма эмес. Андан көрө ата-энелер балдары менен көбүрөөк бирге болушу керек. Интернетке да чогуу баш багып турушу зарыл, - деди.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аялуу балдарга жардам бериш үчүн 190дон ашуун өлкөдө иш жүргүзүп келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган.

XS
SM
MD
LG