Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандагы билим жана балдардын тамак-ашы үчүн” деген долбоордун ачылышы болот.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттык” радиосуна билдирди.
Анын айтымында, долбоорду “Мерсико” эл аралык уюму менен аталган мекеме биргеликте ишке ашырат.
Башкы максат - Кыргызстандын алыскы айылдарында балдарды пайдалуу азыктар менен камсыз кылуу, буга байланышкан маалыматты элге жеткирүү экени айтылды. (NT)