Кыргызстанда 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6;
Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6;
Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...3;
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...2;
Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12.
Бишкекте 4-февралда түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз -2...-4 градус суук болот.