Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:14

Вашингтондун "Иран хуситтерге курал берет" деген далилине Кремл ишенбейт


Никки Хейли.
Никки Хейли.

Орусиянын БУУдагы элчиси Иран Йемендеги хусит козголоңчуларга курал-жарак берип жатканы боюнча Вашингтондун колунда жетиштүү далилдер бар экенине Москва ишенбей турганын айтты.

Элчи Василий Небензя АКШнын башкалаасына барып ракеталардын бөлүктөрү сыяктуу далилдерди көрүп чыккан. Вашингтондун маалыматы боюнча, ал далилдер хуситтер былтыр ноябрда Сауд Арабиясынын аймагына ракета аткандан кийин топтолгон.

Американын БУУдагы миссиясынын башчысы Никки Хейли Коопсуздук кеңешине кирген 14 өлкөнүн элчилерин ошол далилдерди көрүп чыгууга чакырган.

12-январда Улуттар Уюмунун атайын комиссиясы "Иран БУУнун курал эмбаргосун бузуп, Йемендеги шиит топторун ракета жана дрондор менен камсыз кылган" деген АКШнын дооматтарын колдогон.

Вашингтон "Тегеран башка өлкөлөрдү жана топторду курал-жарак менен камсыз кылып жатат" деп билдирип, бул үчүн аны жоопко тартууну көздөйт. Ак Үй ошондой эле Иран менен түзүлгөн өзөктүк программа боюнча келишимден чыгаарын эскертип келатат.

XS
SM
MD
LG