Спорт боюнча Арбитраждык сот Орусиянын 39 атлетинин арызына жообун 1-февралда Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарынан жарыялайт.
Сотко 2014-жылы Сочи оюндарында допинг колдонгону үчүн Олимпиададан өмүр боюу четтетилген 43 спортчу кайрылган. Алардын үчөөнүн арызы кийинчерээк каралмакчы.
Сот орусиялыктардын арыздарын Женева шаарында 22-январда карай баштаган.
Москвадагы допинге каршы лабораториянын мурдагы башчысы, Орусиядан качып кеткен Григорий Родченков жана Дүйнөлүк допингге каршы агенттиктин иликтөөчүсү Ричард МакЛарен жабык эшик артындагы сотто видео байланыш аркылуу көрсөтмө беришти.
31-январда президент Путин спортчулар менен жолугушууда Эл аралык Олимпиада комитетинин Орусиянын курама командасын Түштүк Кореядагы кышкы оюндардан четтеткен чечимин орус спортуна каршы “сырткы чабуул” деп сыпаттады.
Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын командасын кызытмага каршы системаны “болуп көрбөгөндөй манипуляциялаганы” үчүн кышкы мелдештерден четтеткен.
Кызытмага текшерүүдөн таза чыккан орусиялык 169 спортчу бейтарап желек астында Пхенчхандагы мелдештерге катышууга чакырык алышты.
Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада 9-февралда ачылат. (UE)