Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды депутаттык комиссия иликтейт


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Жогорку Кеңеш Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтей турган атайын комиссия түздү. 12 депутаттан турган комиссия бир ай ичинде борборду модернизациялоого кеткен 386 млн. доллардын чоо-жайын да иликтейт. Бул топко КСДПдан төрт, “Республика – Ата Журттан” үч, “Кыргызстандан” эки, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” менен “Бир болдон” бирден эл өкүлү кирди.

- "Комиссияга керектүү шарт түзүп бериш керек, жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуш керек, адистерди чакырыш керек" деген талаптар Жогорку Кеңештин токтомуна киргизилиши зарыл, - деди депутат Исхак Масалиев. Ал бул окуяга байланыштуу өкмөт өкүлдөрү өздөрү арыз жазып кеткени жакшы болорун кошумчалады.

Бүгүн парламент Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды талкуулады. Депутаттардын суроолоруна жооп берген премьер-министр Сапар Исаков «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматына байланышкан маселени карап чыгууну «Улуттук энергохолдинг» компаниясына тапшырганын билдирди.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыккан. Бүгүн айрым райондорго жылуулук өтө ысык болбосо да берилгени белгилүү болду. Ал эми бир топ абоненттер үйлөрү дале жылыбай жатканын билдирип жатышат.

Бишкек жылуулук борборунун модернизацияланган башкы корпусу былтыр жайында пайдаланууга берилген. Ал Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланып, кошумча эки энергоблок курулган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG