Көк бөрү кумары адам өмүрүн кыйды
27-январда Бишкектин четинде көк бөрү ойноп жатып сууга түшүп кеткен киши каза болду. Ага чейин ошол эле конушта улакчынын чилдеде сууга түшүп кеткен улакты алып чыкканы интернетте кызуу талкууга алынган. Бир апта мурда Ошто улак тартышта 12 жаштагы өспүрүмдү ат тебелеп каза болгон. Жогорудагы окуялар көк бөрү оюнунун коопсуздук маселесин козгоду.