Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Бишкек ЖЭБиндеги абалды атайын комиссия иликтейт


Бишкектеги Жылуулук электр борбору.
Бишкектеги Жылуулук электр борбору.

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеп чыгыш үчүн Экотехинспекциясынын алдында атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн "Улуттук энерго холдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков маалымат жыйынында билдирди. Комиссия авариянын себебин жана ага жооптуу адамдарды аныктап чыгат.

Садыков буга чейин борбордогу азыркы абал жеңил эмес экенин моюнга алып, оңдоо иштери уланып жатканын билдирген.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбей жатат. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан, шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болуп жатышат. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган.

Өкмөт буга чейин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылууну калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG