Бишкек шаардык сотунда парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланууда.
Бүгүн "тендер менен алынды" деген автоунаанын ээлери, тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү көрсөтмө беришти. Алардын көпчүлүгү Шыкмаматовдун тендерге тиешеси болбогонун айтышты.
2011-жылы Эсеп палатасы тендер аркылуу сатып алган "Мерседес Бенц Е320" автоунаасына ээлик кылган күбөлөрдүн бири Айбек Айдаров машинесин башында 17 миң долларга баалап, бирок Эсеп палатасына 14 миң долларга сатканын, Шыкмаматовду болсо эми гана көрүп жатканын маалымдады.
23-январда болгон отурумда сот күбөлөрдүн көрсөтмөсүн угууга макулдугун берген. Ошондой эле соттун чечими менен жараянды видеого тартууга тыюу салынып, үн жаздырууга гана уруксат берилди.
Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовду 5 миллион сом айыпка жыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, жогорку инстанцияга даттанган.
Шыкмаматов менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон. (TSh)