Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясына Өмүрбек Бабановдун ордуна Абдыбек Дүйшалиев депутат болду. Бүгүн бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому чыкты.
Партиянын шайлоо алдындагы тизмеси боюнча ал 73-орунда болчу.
Абдыбек Дүйшалиев 56 жашта. Ал буга чейин Автотранспортторду каттоо департаментинин директору болуп иштеген.
19-январда БШК “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан. Ага чейин Бабанов өз эрки менен мандатынан баш тартуу жөнүндө арыз жазган эле.
Башкы прокуратура 4-ноябрда Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-берененин биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, УКМКга өткөрүп бергенин жарыялаган. Бабанов муну жалган жалаа деп билдирген. Ага чейин Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени айтылган.
Ал эми жаңы жыл алдында Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин жарыялаган. (UEz)