21-январда Кабулдагы "Интерконтинентал" мейманканасына кол салуудан жабыркагандардын ичинде америкалык жарандар да бар экенин АКШнын Мамдепартаменти расмий тастыктады. Мурдараак кол салуу учурунда конок үйүндө Германиянын, Грекиянын, Украинанын жана Казакстандын жарандары болгону кабарланган.
Мамдепартаменттин кызматкери канча америкалык жабыркаганын так айткан жок. Кийинчерээк "Ассошейст Пресс" агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө таянып, Ооганстандагы мейманканага кол салуудан бир нече америкалык жаран мерт болгонун жазды. Агенттиктин ооган расмий адамдарынын маалыматына таянып жазганына караганда, террорчулардын кол салуусунан 22 киши курман болгон, анын ичинде 14 адам чет өлкөлүктөр.
21-январда Кабулдагы мейманканага талибдердин беш согушкери ашкана аркылуу кирип, андагы адамдарды атып кирген.
Аскердик операциянын жыйынтыгында 150дөн ашык киши, анын ичинде 40 чет өлкөлүк жаран куткарылган. Ооганстандын ИИМи кол салгандардын кеминде үчөө өлтүрүлгөнүн билдирди.
"Интерконтинентал" – Кабулдагы чет өлкөлүктөр көп токтогон мейманканалардын бири. Ал 1969-жылдан бери иштеп келет жана мамлекеттин көзөмөлүндөгү тоолуу жерде жайгашкан. 2011-январда мейманканага «Талибан» кыймылынын жоочулары кол салган. Анда жалпысынан 21 киши өлүп, арасында кол салган согушкерлер да болгон.