Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Собчак президенттикке талапкер болууга жетиштүү кол чогултту


Орусиялык журналист жана теле алып баруучу Ксения Собчак.
Орусиялык журналист жана теле алып баруучу Ксения Собчак.

Орусиялык журналист жана теле алып баруучу Ксения Собчак президенттикке талапкер катары катталууга жетиштүү 100 миң адамдын колун чогултту.

Бул тууралуу анын штабы маалымдады. Кол топтоо мындан ары да уланаарын штабдын өкүлү Тимур Валеев билдирди. Анын айтымында, дагы 20-30 миң адамдын колу керек. Анткени чогулган колдордун аныктыгын Борбордук шайлоо комиссиясы текшергенде айрымдары жараксыз болуп калышы мүмкүн.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленген. Аналитиктердин айтымында, анда азыркы мамлекет башчы Владимир Путин жеңери талашсыз.

Путиндин устаты, Санкт-Петербург шаарынын бир кездеги мэри Анатолий Собчактын кызы Ксения Собчакты Кремлдин сынчылары "президенттин администрациясы колдоп, атайын чыгарды" деп айтып келишет.

Теле алып баруучу болсо Кремл менен байланышы бар экенин четке кагып жүрөт.

Саясий жарышта ат салышуу ниетин Путин менен Собчактан сырткары, Орусия президентинин ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча өкүлү Борис Титов, Либерал-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, “Яблоко” партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский, коммунисттердин КПРФ партиясынан Павел Грудинин жана башкалар билдирген.

XS
SM
MD
LG