Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:57

Москва соту Навальныйдын фондун жабууну буюрду


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын шайлоо штабдарынын ишин камсыз кылган "Жылдын бешинчи мезгили" деген фондду жабууну буюрду. Мындай чечимди Москванын Мещанский соту 22-январда кабыл алды.

15-январда Орусиянын Юстиция министрлиги бул фондду жабууну өтүнүп сотко кайрылган. Министрлик Навальныйдын фонду "туура эмес даректи көрсөтүп, мыйзам бузду" деген жүйө келтирген.

Навальныйдын аймактардагы штабдарынын кеңселерин "Жылдын бешинчи мезгили" фонду ижарага алган. Анын жетекчиси Леонид Волков бул фонд мыйзамдуу иш алып барарын айткан. Фонд соңку өкүм боюнча жогорку соттук инстанцияга арызданары белгилүү болду.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Алексей Навальныйга 2018-жылдын март айында өтө турган шайлоого катышууга уруксат берген эмес. Комиссия бул чечимин активисттин буга чейин соттолгону менен негиздеген. Муну саясий чечим катары мүнөздөгөн Навальный үгүт иштерин улантып келе жатат.

XS
SM
MD
LG