Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Казакстан украин сүйлөшүүлөрү тууралуу Минсктин сынына жооп берди


Казак президенти Нурсултан Назарбаев. Вашингтон, 16-январь, 2018-жыл.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев. Вашингтон, 16-январь, 2018-жыл.

Казакстандын президент Нурсултан Назарбаевдин Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүн Минсктен Астанага которуу тууралуу сунушуна карата Беларустун сынына жооп кайтарды. Казак тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашикбаев 22-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Казакстан Минск сүйлөшүүлөрүнүн маанилүүлүгүнөн күмөн санабастыгын, Беларустун баш калаасында кол коюлган тынчтык келишимдерин сыйлай турганын белгиледи.

Бирок министр эгер Украинадагы каршылашкан тараптар өтүнүч келтирсе, Астана сүйлөшүүлөр үчүн жаңы платформа түзүп берүүгө болгон күчүн жумшай турганын кошумчалады.

"Биз Минск келишимине кийлигишип жаткан жокпуз. Бирок Казакстан маселени чечиш үчүн толук колдоо көрсөтүүгө дайым даяр", - деди Ашикбаев.

19-январда Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей тынчтык сүйлөшүүлөрүн жаңы жерге которуудан эч нерсе өзгөрбөй тургандыгын айткан. Ал натыйжа чыга турган болсо сүйлөшүүлөрдү Антарктидага да которсо болоорун, Беларус "башкалар сыяктуу "тынчтык орнотуучу" деген наамга" ашыкпастыгын билдирген.

Өткөн аптада президент Назарбаев АКШнын президенти Доналд Трамп менен Украинадагы жаңжалды талкуулаганын, америка лидери сүйлөшүүлөрдү башка жерге которууну сунуш кылганын айткан.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосунда кармаш тутанган. Андан берки куралдуу кармаштар менен чабуулдардан 10 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG