Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Түндүк Кореянын делегациясы Сеулга келди


"Мораңбоң" кыздар тобунун жетекчиси Хён Сонг Вол.
"Мораңбоң" кыздар тобунун жетекчиси Хён Сонг Вол.

Курамына ырчы кыздардын «Моранбоң» аттуу тобунун жетекчиси Хён Соң Вол да кирген делегация кышкы Олимпиада оюндарына карата маданий иш-чараларды уюштуруу жана алар өтүүчү жерлерди текшерүү максатында Сеулга келди. 21-январда башталган иш сапары - түндүк кореялык расмий адамдардын акыркы төрт жылдан берки алгачкы жолу барышы.

Мурдараак 20 кишиден турган делегация Сеулга 20-январда келери кабарланып, бирок акыркы мүнөттөрдө белгисиз себептерден улам жылдырылган.

Делегация Сеулдан концерттердин бири өтүүчү Ганьгун шаарына бет алганы, алардын коопсуздугун сактоодо бардык чаралар көрүлгөнү айтылууда.

Эки жума мурун Сеул менен Пхеньян Пхенчханда өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына түндүк кореялык спортчулар жана ырчылары барары тууралуу келишимге жетишкен.

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндары 9-февралда башталат. 20-январда Эл аралык Олимпиада комитети оюнга Түндүк Кореядан 22 спортчу катышары тууралуу келишимди кубаттаган. Эки өлкөнүн саясатчылары бул кадам Корей жарым аралындагы чыңалууну басаңдатат деп үмүттөнүшүүдө.

XS
SM
MD
LG