Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

“Республика-Ата-Журт” ички иштер министрин сынга алды


Улан Исраилов.
Улан Исраилов.

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясы ички иштер министри Улан Исраиловдун фракция жыйынына келбегенин сынга алды. Депутат Зарылбек Рысалиев министр Исраилов парламентти тоготпогондуктан жыйынга келбей жатканын билдирди. Анын айтымында, министрдин мындай мамилесин өкмөттүн жетекчилиги карап, тиешелүү чара көрүүгө тийиш.

Жыйынга катышып жаткан вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев министр Исраилов ооруп жатканына байланыштуу парламентке келбегенин түшүндүрдү.

Бүгүн “Республика-Ата-Журт” фракциясы өлкөдөгү жол кырсыктарын азайтуу маселесин, “Акылдуу шаар” долбоорун жана “Таза коом” программасынын аткарылышын карап жатат.

Фракциянын лидери Руслан Казакбаев “Таза коом” программасынын алкагында былтыр 100дөн ашык иш-чара аткаруу каралса, анын 30 пайызы гана аткарылганын сынга алып чыкты.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун былтыр апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG