Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:23

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун соту болот


Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековго байланыштуу ишти кароону улантат. Бул күнү эксперттер, Сокулук районунун акими Болот Саткеев жана район милициясынын башчысы күбө катары суралышы керек. Бул тууралуу Аскарбеков өзү “Азаттыкка” кабарлады.

11-январдагы соттук отурумда Улуттук илимдер академиясынан, жогорку окуу жайлардан, Юстиция министрлигинен тартылган эксперттер суралган. Анда былтыркы митингдеги сөздөрдү талдаган эки эксперттин "бийликти күч менен басып алууга чакырык байкалбайт" деген билдирүүсүнө ишти караган судья көңүл бурбай жатканы айтылып, судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн. Сот бул өтүнүчтү четке кагып, кайра адвокаттын өзүнө чара көрүү тууралуу Юстиция министрлигине арыз менен кайрыларын билдирген болчу.

Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп шек саналып жатат. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеген. Активист болсо өзүнө коюлган айыпты четке кагып, аны оппозициялык ишмердиги үчүн куугунтук катары баалап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG