Баткен: чек арадагы булак кайсы өлкөгө өтөт?
Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чечме айылынын тургундары чек араны тактоо боюнча комиссиянын ишине нааразы. Буга айылды суу менен камсыз кылып турган жалгыз булактын Өзбекстандын карамагына толук өтөт деген маалымат себеп болууда. Айылдагылар анда суудан куру калып, жашоо оорлойт деп чочулап жатышат.