Бишкектин тегерегиндеги тоолордун биринде жылгаяк тээп жүрүп катуу жыгылган Октябрь райондук милициясынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлашты. Маалыматка ылайык, маркум Айнагүл Эгембердиева 7-январда үй-бүлөсү менен тоого жылгаяк тепкени чыккан. Эс алуу маалында баллон тээп жатып, башынан катуу жаракат алган. Бир жума ооруканада оор абалда жаткан Эгембердиева 14-январда каза болду. Артында эки уулу калды.
Айнагүл Эгембердиеванын жолдошу Бакай Сыдыгалиев да милиция кызматкери болгон. Ал 2014-жылы Бишкекте түрмөдөн качкан Александр Саяпин аттуу кылмышкерди кармоо учурунда окко учуп курман болгон эле. (BkA)