Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

"Мемориал": Чеченстанда Титиевдин туугандары үйүнөн куулду


Оюб Титиев.
Оюб Титиев.

Чеченстандагы Курчалой айылында полиция кызматкерлери “Мемориал” укук коргоо борборунун Грозныйдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Оюб Титиевдин туугандарын үйүнөн кууп чыгышты.

Баш кеңсеси Москвада турган “Мемориал” уюумунун билдиргени боюнча 10-январда полиция кызматкерлери Титиевдин үйүнө кирип барышкан. Полиция Титиевдин уулу Бекхан менен иниси Якубду издеп жүрүшкөнүн, эгер алар өз эрки менен полицияга барбаса туугандарынын башына мүшкүл түшөөрүн эскертишкен. Анан үйдөгү аялдарды кууп чыгып, эшикке кулпу салып, ачкычын алып кетип калышкан.

Эл аралык “Хьюман Райтс Вотч” уюмунун өкүлү Татьяна Локшина Титиевдин баңгизат менен кармалганы “толук жасалма” экенин айтты.

- Чеченстандын бийлиги баңгизатка байланыштуу айыптап, абакка салган бир нече кишини билебиз. Бул ошондой иштердин бири жана чечен бийлиги өзүнө каршы сүйлөгөн оппоненттеринин оозун жабыш үчүн көп колдонгон ыкмасынын дагы бир мисалы экени көрүнүп турат, - деди ал.

«Мемориал» укук коргоо борборунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Оюб Титиев шейшембиде жолдо бараткан жеринен кармалып, Курчалойск райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бир нече саат бою ага адвокатын киргизбей коюшкан.

9-январда түштөн кийин Чеченстандын ИИМи укук коргоочуга "180 грамм «кара куурай жыттанган» затты ташып бараткан" деген кине тагылганын билдирген. Титиев өзүнө тагылган айыпты дароо четке какты.

Укук коргоочулар Чеченстанда коопсуздук күчтөрү бийликке сын айткандарды “баңгизат менен кармаган” учурлар көп кездешерин эскертишет.

Кошмо Штаттар, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Титиевдин камалышына байланыштуу тынчсыздануу билдирип, орус бийлигин аны тезинен бошотууга үндөштү.

XS
SM
MD
LG