Түштүк Калифорнияда жер көчкүдөн бери дегенде 13 киши каза тапты, миңдеген адам эвакуацияланды. Адистер жыл этегиндеги катуу өрттөн тамырлары жер кыртышын кармап турган өсүмдүктөр жок кылынганын белгилешет.
Табигый кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар иштеп жатышат. Бир топ турак жайлар, көпүрө, жолдор талкаланды.
Санта-Барбара округунда жер көчкү үйлөрдү басып, жолдорду жаап салды. Шейшембиге караган түнү катуу жааган жаандан Санта-Барбарага жакын турган Монтесито жана Карпентерия райондору катуу жабыркады.
Чукул кырдаал кызматтары дайынсыз адамдарды издөө менен алек. Бийликтегилер өлгөндөрдүн саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин эскертишти.