Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Кытайда кеме менен танкер сүзүшкөндө жоголгон 32 адам табыла элек


Кеме менен танкер сүзүшкөндөн кийинки өрттүн кара түтүнү. 7-январь, 2017-жыл.
Кеме менен танкер сүзүшкөндөн кийинки өрттүн кара түтүнү. 7-январь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Кытайдын Транспорт министрлиги билдирип, куткаруу иштери уланып жатканын кошумчалады. Мунай тарткан танкер менен жүк салган кеменин Кытайдын чыгыш жээгинде, 6-январдын кечиндеги сүзүшүүсүнөн кийин дайынсыз жоголгондордун отузу Ирандын, экөө Бангладештин жарандары.

Сүзүшүүдөн соң узундугу 274 метр келген танкер өрттөнүп, анын бортундагы 136 миң тонна мунайдын бир бөлүгү деңизге куюлуп кеткен. Мындай көлөмдөгү мунайдын акчалай наркы 60 миллион доллардын тегерегинде. Ал эми жүк тарткан кемедеги 21 кытайлыктын баары аман-эсен куткарылды.

Панаманын желеги менен жүргөн Sanchi танкерин ирандык компания пайдаланып, мунай бул өлкөдөн Түштүк Кореяга ташылып бара жаткан. Ал эми Гонконгдо катталган CF Crystal кемесинин бортунда 64 миң тонна буудай болгон. АКШдан чыккан буудай Кытайдын түштүгүнө жеткирилмек.

Мунай тарткан танкер менен жүк салган Шанхай шаарынан 300 чакырымдай чыгышта кагылышты. (UE)

XS
SM
MD
LG