Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Православ христиандар Рождество майрамын белгилөөдө


Бишкектеги чиркөө. (7-январь, 2016-жыл)
Бишкектеги чиркөө. (7-январь, 2016-жыл)

Бүгүн бардык православ чиркөөлөрүндө Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Христиан динин тутунган кыргызстандыктардын үйлөрүндө да бул күнү дасторкон жайылып, майрам белгиленип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктап, бул майрам элибиздин биримдигин чыӊдап, өлкөдөгү ар кандай конфессиялар ортосундагы ынтымакты, сабырдуулукту сактоого зор салым кошоруна токтолду.

“Туткан динине жана этносуна карабастан, кыргызстандыктар бардык чоң майрамдарда жана маанилүү окуялар учурунда бири-бири менен тилектештик сезимин билдирип, кубанычтарын тең бөлүшөт. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана зор бакыт каалайм”, - деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусия, Болгария, Сербиядагы жана дагы бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, жаңы Юлиан жыл эсебин карманышкан католиктер 25-декабрда белгилешет.

Кыргызстанда православ багытындагы христиан динин тутунган адамдардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG