Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Молдованын президенти кайрадан кызматтан убактылуу четтетилди


Президент Игорь Додон.
Президент Игорь Додон.

Молдованын Конституициялык соту президент Игорь Додонду кайрадан кызматтан четтетти.

Мындай чечимге батышчыл Демократиялык партиянын "президент Додон Орусиянын үгүтү жөнүндө мыйзамды кароону четке какты" деген дооматы түрткү болду.

Сот «президент өзүнө тагылган конституциялык милдеттерди атайылап аткарбай жатат» деген бүтүмгө келди.

Конституциялык сот ошондой эле тиешелүү мекемелерге Орусиянын теле-радио программаларына президенттен уруксат сурабай эле бөгөт коюуга да уруксат берди.

Мамлекет башчынын милдетин убактылуу парламент спикери же премьер-министр аткарып турат.

Буга чейин да Молдованын Конституциялык соту президент Додондун ыйгарым укуктарын 2-январга чейин токтоткон.

Орусиячыл саясатчы катары белгилүү Игорь Додон менен Молдованын европачыл багытты карманган өкмөтүнүн ортосунда ал бийликке келген 2016-жылдын ноябрынан бери эле карама-каршылык өкүм сүрүп келет.

XS
SM
MD
LG