Кыргызстанда рулу оң жакта жайгашкан автомашиналарды такси катары колдонууга тыюу салган мыйзам дагы кошумча иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорун кайра кайтарып алды. Тыюу салуунун механизмдерин Транспорт жана жол министрлиги иштеп чыгышы керек болот.
Буга чейин оң рулдуу машина менен жүргүнчү ташууга 2018-жылдын 1-январынан тартып тыюу салынары кабарланган. Бул демилге жол кырсыктарынын көбүнө рулу оң жактагы автоунаа себеп болуп жатканы менен байланыштырылган. Бирок "мындай доомат негизсиз" деген да пикирлер айтылган. (KE)